Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Токио-2020: балбан Айаал Лазарев 5-августта беттешке чыгат


Айаал Лазарев
Айаал Лазарев

Эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарында 125 килограмм салмакта күрөшөт. Ал 5-августта беттешке чыгарын КТРК-Спорт каналы кабарлады. Анын категориясындагы беттештер Бишкек убактысы менен саат 8:10до башталат.

Дагы бир эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев 6-августта күчүн сынайт. Жөө күлүк Дарья Маслова Олимп оюндарынын акыркы күнүндө - 8-августта мелдешке чыгат.

23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал утту.

Мамлекет Олимпиадада алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG