Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Абдыкеримов Улуттук олимпиада комитетинин президенттигинен кетти


Шаршенбек Абдыкеримов (ортодо).
Шаршенбек Абдыкеримов (ортодо).

Шаршенбек Абдыкеримов Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын президенттигинен кетүү үчүн арыз жазды. Бул тууралуу мекеменин аткаруу комитетинин мүчөсү Кабыл Макеш билдирди. Абдыкеримов арызында кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырып жатканын жүйө келтирген.

Абдыкеримовдун арызы 24-ноябрда каралат. Кабыл Макеш Абдыкеримов Күрөш федерациясынын да президенти болгондуктан 25-ноябрга белгиленген УОКтун президентин шайлоо кийинкиге жылып кетиши мүмкүн экенин кошумчалады. Анткени Күрөш федерациясынын президенти да шайланышы керек.

Абдыкеримов 2011-жылдан бери Күрөш федерациясын, 2015-жылдан бери Улуттук олимпиада комитетин жетектеди.

2015-жылдагы кезексиз шайлоодо УОКтун президенти болуп шайланган. 2016-жылы кайра шайланган.

Улуттук олимпиадалык комитеттин Башкы ассамблеясында кайра шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Анда комитеттин президенти, вице-президенттери жана аткаруу комитетинин мүчөлөрү шайланат.

2021 ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО

Шайлоого катышуу үчүн төрт адам арыз таштаган. Алар - Ат спорту боюнча федерациянын президенти Садыр Мамытов, Жеңил атлетика боюнча федерациянын президенти Канат Аманкулов, Дзюдо федерациянын биринчи вице-президенти Азрет Боотаев жана Улуттук олимпиада академиясынын президенти Болот Мотукеев.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG