Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

"Улуттук энергохолдинг" жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды


Кадамжай районунда мөөр басылган жылыткычтар.
Кадамжай районунда мөөр басылган жылыткычтар.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасы республиканын бардык аймактарында электр энергияны керектөө чектен (лимит) ашып кеткенин билдирди. Бул тууралуу аталган ишкана 22-ноябрда кабарлады. Анда керектөөчүлөргө электр энергияны сарамжалдуу пайдаланууга чакырык ташталган.

"Апрель-октябрь айларында электр энергиянын керектөө чеги 530 млн. кВт саат же 10,4% ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди сактабоо Токтогул суу сактагычын электр энергия иштеп чыга албай турган абалга жана аймактарга электр энергиянын керектелишин чектөөгө алып келет", - деп жазылган.

Мекеменин маалыматына караганда, Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдуу өлчөмүн эсептөөнүн негизинде бардык аймактарда электр энергияны керектөө чеги өкмөттүн токтому менен бекитилген.

15-октябрдан тартып өлкөдө электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

"Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Айрым аймактарда электр энергиясын көрсөтүлгөн чектен ашык пайдалангандарга каршы рейд жүрүп, электр жылыткычтарына мөөр (пломба) басыла баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG