Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Касмамбетов мамлекеттик кызматкерлерди үгүткө аралашпоого чакырды


Сүйүнбек Касмамбетов талкуу учурунда.
Сүйүнбек Касмамбетов талкуу учурунда.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик кызматкерлерди парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнө аралашпоого чакырды. Бул тууралуу ал 23-ноябрда "Саясий туруктуулук – өнүгүүнүн негизги шарты" аттуу форумунда сөз сүйлөгөн учурда билдирди.

"Мамлекет башчысы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине иштеп жаткан мыйзамдарды так сактоо боюнча катуу талаптарды койду. Андай болбосо, аларга катаал жаза колдонулат. Белгилүү болгондой, акыркы убакта административдик ресурсту колдонгон учурлар жана шайлоону өткөрүүдө мыйзамсыз ыкмаларды пайдалануу боюнча кескин чаралар көрүлүүдө", - деген Касмамбетов.

Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, жер-жерлерде добуш сатып алууларды жана административдик ресурсту толук жокко чыгаруу үчүн жолугушуулар жана ар кыл иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Коомдук талкуу президенттин администрациясынын жана Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин колдоосунда уюштурулду.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия ат салышууда. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталып, 23-ноябрга карата 288 талапкер калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG