Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кыргызстанда ашыкча салмактуулар калктын 20% түзөт


Кыргызстанда ашыкча салмактагы же толук адамдардын саны калктын 20% жакынын түзөт.

Бул көйгөй өзгөчө жаш балдар, өспүрүмдөр жана чоң кишилер арасында байкалууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал бул туура же витаминге бай азыктар менен тамактануу маселесине байланыштуу экенин айтты.

"Жетишсиз тамактануунун бардык түрү жана туура эмес тамактанууга байланыштуу жугуштуу эмес оорулар жалпы калктын саламаттыгына коркунуч жаратууда. Бул саламаттык сактоо, өлкө бюджетине дагы таасирин тийгизет. Анткени ден соолугу бекем эмес жарандар догдурга барып, дарыланыш керек. Ошонун баары мамлекетке жүк болуп саналат. Бул бир кишиге тийиштүү эмес, жалпы көйгөй болуп жатат. Муну менен Кыргызстан туура эмес тамактануунун үч эселенген жүгүнө туш болгонун айтып жатабыз. Мисалы, азыр Кыргызстанда балдар, өспүрүмдөр жана чоң кишилер арасында байкалып жатат. Калктын 20% ашыкча салмак же толук деп айтсак болот. Бул аз угулган менен өтө чоң көйгөй жана келечекте жалпы калктын саламаттыгын эске алганда чоң маселе жаратышы мүмкүн. Бул дагы туура жана витамидүү тамактанууга байланыштуу", - деди Д’Амико.


БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки калктын экономикалык, социалдык абалын талдап чыккан. Ага ылайык, 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 20 25,3% чейин өскөн. Калктын дагы сегиз пайызы жакырчылык чегинде турат. Дүйнөлүк банктын маалыматында дээрлик 2,2 миллион кыргызстандык күнүнө 96 сомго жашайт деп айтылат.

Эки статистиканы салыштырып караганда, калктын киреше булактары төмөндөгөнү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын, башкача айтканда үй-бүлөлөр жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер баштаган калориялуу азыктарга басым жасап калышканын көрсөтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG