Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Болгарияда автобус кырсыктап, 46 адам каза болду


Автокырсык болгон жер. Болгария. 23-ноябрь, 2021-жыл.
Автокырсык болгон жер. Болгария. 23-ноябрь, 2021-жыл.

Болгариянын батышында автобус кырсыктап, кеминде 46 адам каза болду. Алардын көбү түндүк македониялык туристтер. Улуттук полициянын башкы башкармалыгынын жетекчиси Станимир Станевдин айтымында, көз жумгандардын арасында 12 бала бар.

Аман кылгандар баш калаа Софиядагы ооруканага жеткирилди.

Окуя Боснек кыштагынын жанында түнкү саат 2лерде болгон. Автобус Стамбулдан Түндүк Македониянын Скопье шаарына бараткан. Азырынча кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз.

Маалымат каражаттары адистерге таянып жазганына караганда, кырсыкка техникалык себеп болушу мүмкүн.

Окуя болгон жерге Болгариянын өкмөт башчысы Стефан Янев барды. Түндүк Македониянын премьер-министри Зоран Заев дагы жолго чыкканы кабарланды.

Болгарияда соңку бир нече жылда адам өмүрүн алган автокырсыктар көп катталууда. 2018-жылы автобус кырсыгынан 17 адам мерт кеткен. Расмий маалыматтарга караганда, жети миллионго жетпеген калкы бар өлкөдө 2020-жылы 463 киши жол кырсыктарынан каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG