Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Павлюктун өлүмү үчүн соттолгон Исманкулов мунапыс сурап кайрылды


Геннадий Павлюкка Бишкекте орнотулган эстелик.
Геннадий Павлюкка Бишкекте орнотулган эстелик.

2009-жылы журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө айыпталып, соттолгон Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов мунапыс сурап кайрылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Исманкуловдун арызы Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлгөн. Ал №27 колонияда жазасын өтөп жатат.

2009-жылы декабрда Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыргызстандык оппозициялык журналист Геннадий Павлюктун колу-бутун байлап, алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен. Журналист оор абалда ооруканага түшүп, алты күндөн кийин каза тапкан.

Окуя боюнча Казакстанда кылмыш иши козголуп, үч адам камалган. 2011-жылы Алматы шаарынын кылмыш соту кыргызстандык жаран, атайын кызматтын мурдагы офицери Алдаяр Исманкуловду 17, казак жарандары Шалкар Уразилинди 11, Алмаз Игиликовду 10 жылга эркинен ажыраткан.

2021 ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG