Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Назарбаев "Нур Отан" партиясынын төрагалыгын Токаевге тапшырат


Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев.

23-ноябрда "Нур Отан" партиясынын саясий кеңешинин жыйынында Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев партия төрагалыгын азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевге тапшыра турганы жарыяланды. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай жазды.

Казакстанды отуз жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Бирок бийликтеги партиянын төрагалыгын сактап калган. Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугуна ээ.

Мындан улам байкоочулар 81 жаштагы Назарбаев мурдагыдай эле өлкөнү де-факто өзү башкарып жатканын айтып, аны Кытайдын мурдагы лидери Дэн Сяопин менен салыштырып келишет. Ал кызматтан кеткени менен мамлекет саясатын башкарууну узак жылдарга чейин өз колунан чыгарбай келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG