Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Ооганстан: атайын күчтөрдүн мурдагы жетекчилеринин бири АКШдан жардам сурады


Ооганстандык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган атайын күчтөрүнүн мурдагы жогорку даражалуу өкүлү расмий Вашингтонго кайрылып, алдыдагы «гуманитардык апааттан» улам аларды Америкага чыгарып кетүүнү өтүндү.

Мындай кайрылуусун ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дарегине узатып, ысымын жарыялабоону суранган. АКШ жана анын өнөктөштөрү талибдер бийликке келгени он миңдеген оогандыктарды чыгарып кетишкен.

Октябрь айынын соңунда алынган маалыматтарга караганда 53 миң ооган жараны АКШдагы сегиз аскердик базага жайгашып, медициналык жана башка жардам алып жатышат.

Батыш коопсуздук күчтөрү менен тыгыз кызматташып келген миңдеген адамдар Ооганстандан чыгып кеткиси келет.

Кайрылууда алар АКШ жана НАТО күчтөрү менен биргеликте иштеп, соңку 20 жылда эл аралык террочулукка каршы күрөшүп келишкени жазылган. Ошондой эле талибдер аларды издеп жатышканын, эгер колго түшүрсө дарга асышы мүмкүн деп кооптонуп жатышканы белгиленет.

19-ноябрда Германиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Ооганстан боюнча атайын чабарманы Жаспер Вик Кабулда талибдердин өкүлдөрү менен жолугушкан. Министрликтин маалыматына караганда, талибдер мурдагы өкмөт менен байланышта болгондорго мунапыс жарыяланарын айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG