Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

“Жалпы иш” фонду: айрым округдарда аял талапкерлер такыр жок


"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоого даярдык тууралуу байкоолорунун жыйынтыгын жарыялады. Анда бир мандаттуу округдардан ат салышып жаткан талапкерлер арасында аялдар аз экени, айрым округдарда таптакыр жок экени белгиленген.

"Ош жана Талас облустарында бир дагы аял талапкер жок. Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында 20 аял талапкер бар. Бир мандаттуу шайлоо округдарындагы атаандаштыктын деңгээли ар бир округга жараша айырмаланат. Мисалы, Кадамжай шайлоо округу боюнча 18 талапкер, Өзгөн жана Ноокат шайлоо округдарында эки жана үч талапкер ат салышууда. Республика боюнча бир мандат үчүн орто эсеп менен сегиз киши талапкерлигин коё алат", - деп жазылган отчетто.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия ат салышууда. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталып, 23-ноябрга карата 290дой талапкер калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG