Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Кыргызстан чемпион кыздарын тосуп алды

Бүгүн таң эрте "Манас" аба майданынын спорт сүйүүчүлөрү дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Айпери Медет кызын тосуп алышты.

Кыздар кыз-келиндер күрөшүнөн Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында ийгилик жаратып, эки алтын, бир коло медал утуп кайтышты.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынан үч балбан барды. Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

Ошондой эле спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу.

Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын утуп алган Айсулуу Тыныбековадан кийинки экинчи спортчу. Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG