Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Азиянын күрөш уюму Тыныбекованы "Жылдын мыкты балбаны" атады


Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Азиянын күрөш уюмунун тандоосу менен кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова "Азиянын мыкты балбаны" деп табылды. Тыныбекова быйыл Токио Олимпиадасынан күмүш, дүйнө жана Азия чемпионаттарынан алтын медал уткан.

Уюм грек-рим күрөшүнөн Мохаммедреза Гераи, эркин күрөштөн Хассан Алиазам Йазданичаратини "Азиянын мыктысы" деп тапты. Аталган балбандар экөө тең ирандыктар.

Сыйлоо аземи 2022-жылы апрелде Монголияда өтөт.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону. Олимпиада оюндарынын күмүш, Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Жакында эле Дүйнөлүк күрөш уюму беш мыкты улуттук курама команданын катарына Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасын киргизди. Быйыл кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын эсебинде Олимп оюндарынан бир күмүш, бир коло, Дүйнө чемпионатынан эки алтын, бир коло байге буюрду.

Токио Олимпиадасынан күмүш байгени Айсулуу Тыныбекова, коло байгени Мээрим Жуманазарова, Дүйнө чемпионатынан алтын байгелерди Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, коло байгени Айпери Медет кызы алды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG