Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Путиндин жылдык маалымат жыйыны башталды


Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-декабрь, 2021-жыл. Москва.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-декабрь, 2021-жыл. Москва.

Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык пресс-конференциясын өткөрүп жатат. Бул жолку маалымат жыйын орус аскерлери Украинага жакын аймакта топтолуп, батыштын кооптонуусун жаратып жаткан учурга туш келди.

Буга чейинки маалымат жыйындар үч сааттан ашык созулчу. Ал эми былтыркы жыйын төрт жарым сааттан ашык убакытты алган.

Пандемияга байланыштуу журналисттер ПЧР тест тапшырып киришти. Соңку апталарда Батыш мамлекеттери, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта орусиялык жүз миңден ашуун аскерлеринин жайгашуусу боюнча коңгуроо кагып келишет.

Батыш Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп турат. Путин АКШ менен НАТОдон "коопсуздук кепилдигин" талап кылууда. Ал согушту каалабастыгын, бирок кагылышуулар тутанса бул үчүн Киев менен Батыш жоопкер экенин билдирип келет. 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Кремл менен АКШ администрациясы кийинки айда коопсуздук маселелери боюнча эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү боолгошууда.

Ал эми Орусиянын өзүндө 2021-жылы ондогон уюмдар жана адамдар "чет элдик агент" деп табылып, ишмердүүлүгү чектелип, айып пул салынды. Эл аралык жана жергиликтүү активисттер Кремлди "чет элдик агенттер" деген мыйзамды бийликке каршы чыккандардын үнүн басып, куугунтуктоо үчүн колдонуп жатканы үчүн сындап келишет.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын быйылкы лауреаты, "Новая газета" басылмасынын редактору Дмитрий Муратов 2021-жылды орусиялык журналисттер үчүн "болуп көрбөгөндөй жаман жыл" болгонун айтты. "Новая газетанын" журналисттери Путиндин пресс-конференциясына чакырылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG