Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Улуттук хоккей лигасы Бээжинге оюнчуларын жибербейт


Эл аралык хоккей федерациясы жана Эл аралык Олимпиада комитети Улуттук хоккей лигасынын (NHL) Бээжинге оюнчуларын жибербөө тууралуу чечимине тынчсыздануусун билдиришти.

Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф бул "өкүнүчүтүү кабар экенин, ошентсе да бул чечимге түрткөн кырдаалды түшүнөрүн" билдирди.

Эл аралык Олимпиада комитети "америкалык оюнчулар дагы бир ирет чемпион болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жатышканына" тынчсыздануусун билдирди. Германия менен Швециянын хоккей курама командалары да бул жаңылык капалантканын жашырышкан жок.

Улуттук хоккей лигасы мындай чечимге коронавирустун жаңы түрү "омикрондун" кеңири жайылып жатканына байланыштуу кабыл алган. 22-декабрда таратылган билдирүүгө ылайык, эгер оюнчулар бул вирусту жуктуруп алса, узак убакыт карантинде калып калышары эске алынган.

Улуттук хоккей лигасы - АКШ менен Канаданын хоккей клубдарынын башын бириктирген спорттук уюм. Учурда анын курамында 16 мамлекеттин хоккейчилери ойношот.

Кышкы Олимп оюндары Бээжинде 2022-жылдын 4-февралында башталат. Улуттук хоккей лигада ойногон спортчулар Олимп оюндарына 1998-жылдан бери катышып келишет.

Буга чейин АКШ баш болгон бир катар мамлекеттер Кытайдын Шинжаңда жүргүзгөн репрессивдүү саясаты үчүн Бээжиндеги Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG