Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулду


Ибрагим Жунусов.
Ибрагим Жунусов.

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылдан бери иштеп келген. Ал 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен барган.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархат Иминов сунушталган. Жогорку Кеңештин депутаты Мамасадык Бакиров 22-декабрдагы парламент отурумунда Эл аралык комитетинин тогуз мүчөсү сурамжылоо жолу аркылуу Иминовдун талапкерлигин колдоп кол коюп беришкенин билдирип чыккан.

Жогорку Кеңештин Эл аралык комитети 13-декабрда Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди кароону күн тартибинен алып салган. Комитеттин айрым мүчөлөрү бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карай турганын билдирген.

Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG