Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Сөздүн куну: баарын алдоого мүмкүн эмес


Нурсултан Абдивалиевдин сөз эркиндигине арналган карикатурасы.

Кыргыздардын укуктук системасында сөздүн баркы бийик, наркы кымбат. Көчмөндөрдүн укуктук системасы реалдуу социалдык, маданий, тарыхый тажрыйбанын туундусу. Биригип келип көчмөн мыйзамы деп аталат.

Адатта көчмөндөрдүн мыйзамын жалпы тарых илиминде, юриспруденцияда, социологияда "обычное право" деп аташат да эртеги доорго таандык, традициялуу коомдордогу юридикалык нормаларды салттуу укуктар же салттуу мыйзамдар системасы формалдашкан мыйзамдар тутумунан айырмалуу мыйзамдар деп эсептешет. Туура, алардын негизин элдин жашоо-турмушун аныктаган, жөнгө салган социалдык нормалар жана нравалык баалуулуктар түзөт.

Кээ бир өлкөлөрдө салттар укуктун булагы катары роль ойнойт. Демек, салттуу мыйзамдар – мамлекет иштеп чыккан, бекиткен мыйзамдар эмес, салтка таянган, нравалык баалуулукка негизделген, ошол элдин дүйнө таанымын чагылдырган, турмуштук тажрыйбасынан сызылып чыккан, реалдуулукка ылайыкташкан эрежелердин көп кырдуу, татаал, ошол элге гана түшүнүктүү кубулуш.

Ал эрежелер системасы көп кылымдап, табигый, географиялык шарттарга шайкеш, же максималдуу ыңгайлаштырылып калыптангандыктан, социумдун мүчөсүнүн канына сиңип, “эне сүтү менен” кошо берилген, анын табиятка, айлана-чөйрөгө, коомго жана башка адамдарга, ири алдыда адамдын өзүнө мамилесин жөнгө салып турат. Көчмөндөрдүн, анын ичинде мамлекеттүүлүк тарыхы бай кыргыздардын салттуу мыйзамдарына баалуу мурас жана саясий-укуктук дөөлөт катары мамиле кылууга тийишпиз.

Атайы изилдегендер да бар чыгар. Андай эмгектер жатса керек да, баркын билбеген "флешмоб коомдун" ээн калган эски куржунунда жүрсө керек, балким.

Сөз жана адилеттүүлүк

Кыргыздардын салттуу укук системасы тууралуу материалдардын, документтердин жана изилдөөлөрдүн топтоп, атайы жыйнагын чыгарыш керек. Бул эми илимий максат келечектеги иш. Бирок, биз азыр ойлонуп, баркын биле турган, нерселер тууралуу кеп удулу келип туру. Кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңешке депутаттарды шайладык.

Саясатчылардын, жаңы аткаминерлердин тобу парламентке келди. Буга чейин берилген убадалар, ооздон чыккан сөздөр бар, алар элдин эсинде. Келечекте расмий жана бейрасмий трибунадан, түрдүү форматта жана кафедрада, маалымат мейкиндигинде коомго айтыла турган сөздөр алдыда. Бул алардын иши. Дал ошондуктан кээ бир маселелер тууралуу кеп кылалы.

Салттуу мыйзамдар дароо колдонулуучу кадыресе мыйзамдардан, керек учурда кайрыла турган эрежелер тутумунан айырмаланып, жүрүм-турумдун классикалык үлгүсү, айрым учурда сакралдык мүнөзгө ээ нарк эрежеси катары кызмат кылган. Салттуу мыйзамдардын ички мазмуну, юристтер айткандай духу жана принциптери өзгөчө мааниге ээ. Жалпы принциптер менен бирге жеке, аралык, утурумдук принциптер да аракеттенген. Кырдаалга жараша иерархиялык орду өзгөрүп турган. Эми муну юриспруденцияда укук колдонуу тажрыйбасы деп аташат. Түпкүлүктүү принциптерге, мисалы, үй-бүлөлүк мамиледе, "Жети атага чейин кыз алышпоо" өзөктүү мааниге ээ болгон.

Салттуу мыйзам – укуктук принциптердин, көз караштардын, ишенимдердин, нравалык баалуулуктардын жыйындысы. Нравалык принциптер, моралдык категориялар укуктук нормалар менен жанаша иштеп, же анын өзөгүн түзүп, же аны негиздеп, толуктап, мазмунун байытып келген. Колдоно келгенде, кылган иши үчүн, жосуну үчүн жазалай келгенде жандын куну мал менен ченелип, намыстын баасы жан менен ченелип, доо, жаза ошого жараша өлчөнгөн.

Талаштын чечилиши бүтүм аркылуу чыгарылат, башкача айтканда "доо мураты - бүтүм". Бүтүм чыгарган инстанция көп баскычтуу эмес. "Кун төлөө", "айыпка жыгуу" нормалары талкууланып, териштирилип, жети өлчөп, бир кесилген. Көчмөн кыргыздарда коомдук мамилелерди, адамдын адамга жана айлана-чөйрөгө мамилесин жөнгө салуу атайы адистешкен институттун же органдардын функционалдык милдети болгон эмес.

Коомдук тартип жана салттуу мыйзамдарды сактоо автономдуу, коомчулуктун өз алдынча башкаруу, көчмөн демократиянын жана ага мүнөздүү убактылуу же туруктуу институттардын жардамы аркылуу чечилген. Бирок бардык эле учурда ар кандай доо талдоого алынып, коомчулукта талкууланып, кабыл алынган бүтүм калың журтка жарыяланган эмес.

Кай бир кылмыш иштеринде (кишинин канына забын болгондо, малын тартып алса, денесине залака келтирсе) тараптардын бири салтка такап, эч ким күмөн санабай турган адилет бүтүм, акыйкат чечим бар сыяктуу, өз бетинче аракеттенген. Анткени кылмыш иштеринде "канга - кан, жанга - жан", "кулакка - кулак", "туякка — туяк" нормалары автоматтык түрдө, ансыз деле түшүнүктүү нерселер катары мааниге ээ укуктук практика болгон.

Албетте, прецедент, аналогия нормасы да колдонулган – “баланча баатырдын куну артык, биздики кем бекен” деген апелляциялык макул эместик, нааразычылык сейрек учурлардан эмес.

Көөнө кыргыздарда укуктук ченем менен нарк, нравалык баалуулук бирдей иштейт, бири бирин толуктайт. Бүгүнкү күндө дээрлик баардык мамлекеттердин жарандык мыйзамдарында абийирге жана ар-намыска шек келтирүү акчалай чыгым деп эсептелинет, абийирдин материалдык эквиваленти бар. Кыргыз саясатчылары, ишкерлери журналисттерге жана бири бирине миллион сомдук доо коюп келишет. Ал эми кыргыз элинде абийир менен ар-намыс малды койдук, керек болсо жандан артык, куну кымбат.

Кыргыздардын "Малым — жанымдын садагасы, жаным – арымдын садагасы”, “Уят өлүмдөн катуу”, Жигиттин куну жүз жылкы, ары – миң жылкы” (мааниси бир, түрдүү варианттары бар) деген макалдары укуктук ченем гана эмес, нравалык да баалуулук, нарк принциби. Албетте, тигил же бул мыйзамды колдонууда "айкөлдүк”, “кечирим” сыяктуу принциптер жана “сөзгө келүү”, “сөзгө кулак салуу” сыяктуу процессуалдык ченемдер тигил же бул ишти талдоодо негизги жагдайлар (жеңилдетүүчү же оорлотуучу шарттар) катары каралганы анык.

Албетте, дүйнө өзгөргөн, карым-катнаш кеңейген, аны менен бирге эрежелер, укуктук ченемдер да өзгөрүп турган. Бирок тарыхый сыноолордо эки гана нерсе –сөз жана адилеттүүлүк, калыстык эң жогорку баалуулук катары күчүн жоготкон эмес. Кыргыздардагы бий институту соттун функциясын аткарып келгени белгилүү.

Дал ошол бийлерге карата “Тууганчыл бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген накыл кеп бийлерге, чечим, бүтүм кабыл алууга тийиш жана акысы бар адамдар үчүн идеал, ишмердүүлүктүн эталону болгон. Сөздүн кадыры артык, куну кымбат болгондуктан, кыргыздарда буга байланыштуу бүтүндөй философия калыптанган. Анын мазмуну, негизги идеялары көркөм поэтикалык чыгармалардан тартып, кыска, бирок түшүнүктүү сентенцияларда чагылдырылган.

Мисалы, “Ооздон чыкканча сөз сенин кулуң, ооздон чыккан соң сен сөздүн кулусуң” деген философема кооздук же куру чечендик үчүн айтылган жамак кеп эмес, нравалык принцип, жүрүм-турум эрежеси, милдеттенме, сөзгө, өзүнө жана башкаларга мамиленин формуласы, бийик нарк.

Адамдын өзү жана иши - негизги күбө

Сөздүн укуктук мамиледе мааниси өтө жогору экендигин башка жагдайлардан даана көрүүгө болот. Мисалы, кыргыз укук системасында күбө туруктуу, дайыма керектүү институт эмес. Күнүмдүк турмушта дайыма колдонулбайт. Күбөгө тартуу муктаждыктардын катарына кирбейт. Ага зарылдык жаралган учур сейрек. Мейли мүлктүк мамиледе, мейли башка укуктук мамиледе күбөгө чанда гана кайрылышкан. Болбосо, оозеки макулдашуу келишимдин ролун ойногон.

Күбө кыргыздын укуктук салттуу системасында далилдин чечүүчү түрү катары кызмат кылган учурлар аз. Элдик фольклордо, байыркы жазмаларда дээрлик кездешпейт. Оозеки макулдашуу, айтылган сөз – жогорку укуктук күчкө ээ. Орус тилинде күбө (свидетель) бир эле мааниге ээ. Омонимдери жок. Күбө кыргыз тилинде көп мааниге ээ:

1. Топоним. Көкөтөйдүн ашына чакырылган дугул элинин жери. "Күн чыгыш Күбө жери бар, Күлдү дугул эли бар" (Манас эпосу, Сагымбайдын варианты.)

2. Күбө — жоого кийилүүчү ок өтпөс сырт кийим. Эпостордо ак күбө, көк күбө, кыл күбө, күбө тон деген түрлөрү жолугат: "Ак күбө тонду кийгени, Аккула атка мингени".

3. Күбө – окуянын же нерсенин күбөсү, далил катары. Мисалы, “Тишиң тилиңе күбө”, “Бул кылганыңа өз башың күбөдүр”.

Көрдүңүзбү, акыры келип адамдын өзү жана иши негизги күбө.

Көчмөндөр баарын жазып отурбагандыктан, оозеки билдиргендиктен, поэтикалык тил менен айтканда жел менен кошо элге тарап, уламадан уланып кеп болуп, санжырада айтылып, бери болгондо тээ жети муун кийинки урпактарга чейин баасын алат.

Демек, салттуу мыйзам, бир жолку колдонулуучу акт эмес, анын ата-бабасы башынан кечирген, азап-тозок аркылуу иштеп чыккан нарк мыйзамдары, укуктук эрежелери, сөзсүз башына түшө турган, иш түшкөндө таянган, кайрылган зарылчылыктар тутуму.

Андан тышкары, салттуу мыйзамдардын нормалары жана институттары талаштуу маселелерди чечүү үчүн гана эмес, ар кандай конфликттик жана талаштарды болтурбоо максатын көздөгөндүктөн, эреже, "нарк" кодекстери эң жогорку баалуулук, адам ыйык тутууга жана бекем сактоого тийиш баалуулуктар даражасына жеткен.

Мисалы, бел куда. Бала төрөлө элек, балким бойго да бүтө элек. Бирок кыргыз оозеки макулдашты: “Кийин мен эркек балалуу болсом, сен кыздуу болсоң (же тескерисинче), экөөнү баш коштуралы”. Болду. Ошентип эки кыргыз эки жакка кетти. Нечен жыл өттү, далай суу акты, тоо бузулуп жар болду, коо бузулуп сай болду. Бирок ошол макулдашуу реалдуу мамилеге, турмуштук эң маалилүү учурду ишке ашырган, мыйзамдуу актыга айланып отурбайбы.

Юридикалык негизи – оозеки макулдашуу, бирок жол-жоболоштурулган эмес. Касам ичип, антташкан да эмес. “Төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун”; “Ата-арбак урсун” сыяктуу жогорку күчкө, жаратканга, ыйык нерселерге кайрылуу, бетке кармоо, таянуу, каргануу, жана башка нерселер макулдашууну же убаданы бекемдөө үчүн өзгөчө учурларда гана колдонула турган аракеттер.

Адамдар ортосунда же айлана-чөйрөгө мамиледе өткөн чактагы, учурдагы же болочоктогу аракеттин чындыгын, аныктыгын тастыктоонун каргануу, антташуу, күбөлөндүрүү сыяктуу формалары азыркы юридикалык тил менен айтканда акыркы инстанциялар катары кызмат кылган. Ага жетпестен, адатта оозеки макулдашуу гана иштеген. "Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлгөнү оң" (текстке, ыргакка жараша варианттары бар).

Ошентип эки кыргыздын келишими - оозеки макулдашуу. Объектиси – үй-бүлө. Формасы – бел куда, бойго бүтө эле тукум, боло элек, болоору белгисиз нерсе, тилек, кыял, каалоо. Бел куда (сватанье детей до их зачатия и появления в свет, рождения) отурукташкан жана көчмөн элдердин көбүндө жок. Сейрек салт, уникалдуу көрүнүш. Кыргыз менен казак элинде гана кездешкен көрүнүш. Мен бойго жеткен жаштардын эркинен тыш кудалашууну даңазалап, глобалдашуунун шылтоосу менен иденттүлүгү алсырап бараткан кыргыз журтуна кайтарып берейин деген максатты утурлаган жокмун. Маселе башкада. Бел куда салты сөздүн бийик баркын тастыктап турат.

Адегенде сөз болгон деген Библиядагы концепт башка, ал жараткандын жаратман же кыйраткан сөзү. Ал эми келечекте болоору белгисиз кыялды мыйзамдуу милдеттенме, шартнаама, келишим катары эсептеп, бир ооз сөздүн эркине эки тарап тең макул болуп, ынап отурат. Албетте, пенделик кылып, моюн толгоп, ниети бузулуп, баш тартууга аракет кылгандар да болгон. Бирок нарк бузган, сөзүн аткарбаган безерлик катары эртеби-кечпи жазасын алган. Башкаларга мамиледе сакталган же бузулган эреже сөзсүз өзүнө карата мамилени билдирет. Нарксыз, тексиз, наадан, бейтарбия атка конот жана адекваттуу жооп алат. Өзү ошол учурда дароо албаса да укум-тукуму жазага дуушар болот.

Биздей болбосо да, мухит кезип, жер кезип, дүйнөнүн тең жарымына чейин бүгүн да ээлик кылган англистер да көчмөн элдин бири. Аларда эмдигиче оозеки макулдашуу юридикалык күчкө ээ укуктук норма. Андан тышкары убада (promise) Англиянын сот системасында кадимкидей функция аткарат. Эл аралык укук системасында, бир топ өлкөлөрдө "джентльмен келишими" юридикалык күчкө ээ норма.

Мындан көп жыл мурда, Ак-Талаада аким кезимде кайсы бир чарбакер субъектиге айыл калкы үчүн бир жумушту өз ара оозеки макулдашуу менен жасатсам ага да, менин кызматкерлериме да жасалма иш козгогон тергөөчүгө "туура, кагаз жүзүндө келишим жок, анткени бул джентльмендик келишим, ата-бабабыздын салтына ылайык оозеки макулдашуу юридикалык күчкө ээ, ошондуктан биз айттык, тигил аткарды" десем түшүнгөн жок. Албетте, акыры акыйкаттык жеңди.

Бирок бир жылга чукул убакыт бир топ адам кимдир бирөөгө келтирилген зыян жок, доолаган чыгымы жок, даттанган киши болбосо да суралып жүрдү. Оозеки макулдашуу аркылуу бүткөн ошол объект азыркыга чейин элге кызмат кылып келет. Көрдүңүзбү, ошол юрист салттуу укукту билбейт, ата-бабасы барктаган нарктан кабары жок, сөз нравалык категория катары баалуу, укуктук мааниге ээ деген көз караш ага чоочун. Келишимдин салттуу формасы эч оюна кетпейт.

Сөз коомдук келишимдин өзөгү

Турмушта, саясатта чындык ишенимдин пайдубалы, мамиленин квинтэссенциясы. Сөз коомдук келишимдин өзөгү. Сөз укуктук норма, нравалык баалуулук, экономикалык категория. Буга тарыхый мисалдар да, турмуштук да, илимий да фактылар жетиштүү. Калп айтканы үчүн кызматкерлер жазаланган. Саясатчылар аренадан кетип, карьерасына чекит коюлган. Жапондор харакири жасаган. Жалган айтып алып, оозунан жаңылган чиновниктер, саясатчылар эл-журттан кечирим сурашкан. Германияда шайлоо алдында берген убадасын аткарбаганы үчүн кылмыш жообуна тартылат (шайлоочуларды алдагандыгы үчүн деген жобого ылайык). Бирок да сөзгө туруу, убаданы аткаруу, элге жалган айтпоо наркы бийик экенин журт башы болом, элге кызмат кылчумун деген инсандар жадысынан чыгарбаса, анда утканыбыз ошол. Буттан чалынган турат, акыры ооздон жаңылган турбайт.

Дээрлик баардык элге мүнөздүү универсал ушул эреже азыркы заманда кыргыз саясаты менен бизнес мейкиндигинде эреже болуудан калып барат. Тескерисинче, алдамчылык менен мөрөй алуу же эч бир эреже сактабай ийгиликке жетүүнүн ачкычы деген тайкы маңдай “кыйындар” коомго өз эрежелерин таңуулоодо.

"Политика – искусство возможного" деген лакап кепти (сентенцияны) өзү тескери түшүнүп, өзгөгө бурмалап түшүндүрүп, жоопкерчиликтүү, чынчыл саясатты жалганчылык өнөргө айырбаштап алышкандай. Калптын күбөсү – өлүк дейт кыргыздар. Өткөнгө шылтоо да ушул сыяктуу көрүнүштүн бири.

Бирок саясатчылардын арасында, айрыкча бизде, калпты ийгиликке жетүүнүн бирден-бир жолу деп эсептегендердин катмары пайда болду, катары өстү. Башкага интеллекти жетпесе да, азыркы балдардын баары билген "Колобоктун" финалын билет чыгар. Ар бир жомоктун моралы, түпкү идеясы, философемалары же идеологемалары болот. "Колобоктуку" – дайыма жана баарын алдоого мүмкүн эмес деген накыл.

Мына, жаңы парламент шайланды, бийликте жаңы адамдар иштеп жатат. Алардын ар бири өз миссиясын аткарганга аракет кылаар, ийгилик каалайлы. Алардын ийгилиги – журттун жашоосуна гана пайда, элдин ырыскысына өбөлгө.

Чындыкка негизделген ишенимсиз эч бир нерсе ишке ашпайт. Элдин ишеними мамлекеттин саясаттын пайдубалы. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою башынан кечирип, эчен электен өткөн нарк кодекси, сөз кадыры окумуштуулар менен жазуучулар гана кеп кылган ээн журттагы эски категориялар эмес, коомдук-саясий зарылчылык. Мамлекеттик бийликтин баркы жана кадыры.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG