Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:29

Электораттын эркин уюшма топтор аныктайбы?


Иллюстрация сүрөт.

Шайлоого саналуу убакыт калды. Сыноо алдында турабыз. 30 жыл ичинде не деген гана шайлоо өтүп, кимдер гана шайланган жок, чиркин. Шайлоо коомдук-саясий процесстерди аныктоочу фактор гана эмес, эл-журттун, коомдун жана мамлекеттин абалынын, мүнөзүнүн күзгүсү. Мурдагы интервьюларымда эл муктаждыктан, жокчулуктан, басым-кысымдан башы азат эмес, андыктан электораттын тандоо эркиндиги, мүмкүнчүлүгү чектелүү деген элем.

Элдин социалдык абалы анын саясий жүрүм-турумуна таасир этээри турулуу иш. Күлүгү жок аламан жарышта чобур ат да сүрөөнчү жарашса алдыга озушу ыктымал. Сүрөөнчү маселеси бизде кооптуу. Басым-кысым жалаң гана административдик ресурс менен чектелбей калганына итапкан убакыт болду. Шайлоо процессине таасири арбын топтор кадимкидей калыптанды.

Шайлоодон шайлоого такшалып, күч-кубаты артып, институтка айланып баратат. Не шаарда, не айылда жигердүү роль ойногон топтор бар. Булар “спортсмен” аталган жигиттер, аталган, өзүн дин жолундагы жамаат деп эсептеген ар кошкон топ, анан кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү. Булар ар кайсы талапкерди колдошу ыктымал.

Бирок айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо ушул топтор “Жаштар келсин бийликке” деген бир ураанга биригип, элетте өз билгенин кылышты. Жакшы ураан астында элге аталган үч топ өз талапкерин таңуулады. Дээрлик көп аймакта алар утушка ээ болду. Ушул топтордун баарынан таасирдүүсү кылмышкерлерге ыктаган жаштар. “Спортсмен” жана “дин жолундагы жамаат” аталган топтор ушулар менен табакташ, негизинен ушулар менен эсептешет.

Албетте, ар биринин тиешелүү чөйрөсү бар, бирок экономикалык жана саясий маселелер кылмышкерлер тобунун епархиясы. Аларды адатта ОПГ деп аташат да коомчулукта катуу даңазалашат, соцималдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында алардын жоругун шыпшына кеп кылышат. Эми жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу алардын жана шайлоого, демек саясий процесске таасири артык фактор, чечүүчү субъект, жигердүү оюнчу катары эсептедик.

Мен ойлоп тапкан жокмун. Тиешелүү органдар аларга шайлоого катышпагыла, кийлигишпегиле деп эскертүүлөрүн бергенин жарыялашты. Мамлекеттик органдар алардын ролун таанып, шайлоого таасир этип келгенин моюндап, кийлигишпөөгө чакырды. Адилеттик үчүн айталы, булар бүгүн эле мындай статуска ээ болуп, ушул даражага жеткени жок. Нечен жылдан бери саясатчылар аларды көптүрдү, төбөгө чыгарды.

Буга чейинки шайлоолордо айрым саясий партиялар кримтөбөлдөргө кайрылып, “спортсмендерди” жандатып, спорт клубдарды уюштуруп, дин ишмерлеринин батасын алганга умтулуп келген. “Президент колдоду” деп мактанып, ага удаа эле “баланчанын” батасы берилгени кошо айтылганы маалым. Эми ошол топтор саястчыларды тандап, алардын тагдырын аныктап, саламдашууга мажбурлоодо. Саясатчылар, талапкерлер, шайлоо процессинин катышуучулары, бизнесмендер мойнуна алып, ачык айтпашы ыктымал, бирок ушул топторсуз иш кылгандар сейрек, атаганат.

Динге жамынган жамааттар

Кыргыз Республикасы светтик өлкө. Мыйзамдарда диндин саясатка кийлигишпөөсү так аныкталган. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров динди саясатка аралаштырбоо талабын баса белгиледи. Бирок коомдук маанайды, элдин добушуна кимдер таасир этээрин жон териси менен сезген талапкерлер дал ошол жогорудагы активдүү топторго барып сайылууда. Ошондой маалыматтар болгон үчүн укук коргоо органдары аларды эскертип жатса керек да. Жалпыга маалымдоо каражаттары айрым талапкерлер дин темасын шайлоочулар менен жолугушууда козгогонун, аларга чара көрүлгөнүн кабарлады.

Шайлоо гана эмес, тиричиликке да кийлигише башташты. Тагыраагы үстөмдүк кылуу аракети күчөдү. Өз баалуулуктарын, эрежелерин жана кызыкчылыктарын таңуулап, эл да ага көнө баштагандай. Ал тургай келбесине кеткен маркумдун тиги дүйнөгө узатуу аземин да ушул топтун бири – “жамаат” чечет. Мисалы, сөөктү жерге берүү маселесин сөөк ээси, анын ага-тууганы чечпей калган учурлар арбыды. Коом буга негедир кайдыгер. Азыраак гана адамдар “бул эмнеси, алыс-жууктагы ага-тууганды, тыштагы бала-бакыраны күтпөй кое салганга ашыгабызбы.

Кайда көмүлсө, кандай көмүлсө - баары бир эмеспи деген Сабитжан биз болобузбу? Ушу да болмокпу. Не деген жорук бу” деп көпчүлүк ичтен нааразы. Тышка үн чыгаруу кыйын окшойт. Анткени салттан тыш нерселерди таңуулаган топтун (“жамааттын”) катары арбын, улам барган сайын демдүү, үнү улам өктөм. Адегенде элди эл кылган, улуттун иденттүүлүгүн аныктаган салт кетет, анан калганы колдон чыгат. Ансыз деле кыргыз журту үчүн этностук жана жарандык, атуулдук иденттүлүк проблемага айланып, келечекке коркунуч туудурган чакырыкка айлануу тенденциясы күч алууда (кененирээк кийин кеп кылабыз).

Албетте, момун мусулмандардын, сабаттуу динаятчылардын жөнү башка. Алар өз көз карашын коомго таңуулабайт, шайлоосуна да, саясатына да кийлигишпейт. Сабаттуу мусулмандар адатта прогрессчил позицияда туруп, негизинен билимдүү, толеранттуу, калыс жана сыпаа. Алар мамлекеттин мыйзамдарын, элдик каада-салтты тааныйт жана сыйлайт. Бирок динге жамынып, динди жаманатты кылып, кай жерде, кандай идеологияга сугарылганы күмөндүү, биз бир кезде тизгинин кое берип, эми ээ боло албай бараткан жаштарыбыздын айрым топтору көп учурда өзүн “жамаат” атап, ошолор коомдо үстөмдүк кылгысы келет. Ошолор активдүү. Диний гана негизде бириккен, сабаттуу момун мусулмандар жамааты менен ислам динин жамынган “жамааттын” айырмасы асман менен жердей, кызыкчылыктары дал келбейт. Бирок диний түшүнүгү жетишсиз же атайы билимге ээ эмес көпчүлүк аларды ажырата билбейт.

Жогорудагы көрүнүштөр медицинанын тили менен айтканда кооптуу симптом. Таасири зор боло баштагандыктан айрым талапкерлер “спортсмендерге”, “жамаатка” жана кылмыштуу уюшма топторго же аларга жакын чөйрөлөргө кайрылып, ошолордун батасын алууга, жаштар арасында сөзү өтүмдүү шектүү күчтөрдүн колдоосуна ээ болууга аракет кылууда. Талапкерлер тууралуу эч бир жагымсыз кеп айтууга акым жок. Ийгилик каалайбыз. Ысымдарын да атабайм. Бийлик адилет, мыйзамдуу шайлоо өткөрүү үчүн болгон аракетин кылууда.

Административдик ресурстарды колдонууну чектөө аракетин күч үрөөдө. Маселе башкада. Укуктук өлкөлөрдө кылмышкерлер менен коомго зыяндуу элементтер деп артынан сая түшүп, күрөшүп келет, алардын коомдогу ролун таанып, легитимдештирүүгө жол ачуу кесепеттүү. Муну көргөн жаштар үчүн романтикалык образ жаратып, келечекте умтулган идеалы сунушталып жаткан жокпу?.

Албетте, мөрөйгө жетүү үчүн эрежесиз жарышта колдогон, жанаша чаап, кыйкырып сүрөбөсө да тымызын коштогон сүрөөнчүлөр акысын албай коймок беле. Акча менен бүтсө го бир жөн, кийинки саясий чечимдер, мыйзамдар жана башка мамлекеттик маанидеги маселелер менен акыбетин кайтарасың десе канттик?

Алмаз Кулматов, тарыхчы

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG