Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын бекитти. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Концепция Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында кабыл алынган.
Документ 26-ноябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Аны иштеп чыгууда мамлекеттин өнүгүшүнө жана улуттук коопсуздугуна терс таасирин тийгизе турган ички жана тышкы коркунучтардын тизмеси аныкталганы айтылган.
Буга чейинки Улуттук коопсуздук концепциясы 2012-жылы кабыл алынган. Жаңы концепциянын ишке кириши менен 2012-жылкы концепция күчүн жоготту. (МТа)