Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Улуттук коопсуздуктун жаңы концепциясы даярдалды


Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздуктун жаңы концепциясы жактырылды. Концепция менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тааныштырды.

Концепцияны иштеп чыгууда мамлекеттин өнүгүшүнө жана улуттук коопсуздугуна терс таасирин тийгизе турган ички жана тышкы коркунучтардын тизмеси аныкталган.

Иманкулов тышкы коркунуч катары Кыргызстандын чек арасынын кол тийбестигине болуп жаткан аракеттер жана аскердик агрессия, эл аралык терроризм жана диний экстремизм, ага интернет түйүнү аркылуу үгүттөөнүн күч алышы, Кыргызстан аркылуу баңгизатты ташуунун өсүшү, трансулуттук жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуу топтордун ишинин кеңейиши, чалгындоо максатында чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын Кыргызстандын маалымат мейкиндигине кийлигишүүсү сыяктуу бир топ коркунучтарды тизмектеди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мындан тышкары ички коркунуч катары коррупциянын күч алышы, кылмыштуулуктун деңгээлинин жогорулашы, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен криминалдык топтордун аралашуусу, жаштардын криминалдык дүйнөнүн идеяларын карманышы, диний-радикалдык агымдардын кеңейиши жана конфессиялар аралык каршылыктардын курчушу сыяктуу бир катар коркунучтарга токтолду.

Буга чейинки Улуттук коопсуздук концепциясы 2012-жылы кабыл алынган.

Мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибине алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, Улуттук коопсуздуктун концепциясы жана энергетикалык коопсуздук маселелери чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG