Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Кузбасста каза болду деген алты куткаруучунун бирөө тирүү табылды


Листвяжная шахтасынын тоо-кен куткаруучулары
Листвяжная шахтасынын тоо-кен куткаруучулары

Кузбасстагы Листвяжная шахтасында кырсыкка кабылгандарды издөө учурунда каза болду деп жаткан алты куткаруучунун бирөө - Александр Заковряшин тирүү табылды.

Бүгүн эртең менен куткаруучу топтун алты мүчөсүнө "Эрдик" орденин каза болгондон кийин ыйгаруу чечими чыккан.

Тирүү калган куткаруучу ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын абалын "орточо" деп баалады.

Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилев "менимче, биз башка эч кимисин эми тирүү таба албайбыз. Бул чоң жарылуудан кийин көп адам өлдү. Ошондон кийин бир адамдын тирүү калганы чоң керемет", - деди.

Листвяжная шахтасындагы кырсыктан 52 адам, анын ичинде алты куткаруучу каза болгонун кечээ, 25-ноябрда жергиликтүү бийлик кабарлаган.

Шахтада дайынсыз жоголгон шахтерлордун эч кимиси куткарылган эмес.

Кемерово тоо-кен куткаруу отрядынын командири Юрий Шенин айтымында, "азыр авария болгон жерден чыккан газдан кимдир бирөө аман калат деп айтуу мүмкүн эмес".

Бейшемби күнү "Листвяжная" 250 метр тереңдиктеги вентиляциялык дрейфте түтүн каптаган. Мунун себеби, ТАСС булагы билдиргендей, көмүр чаңынан от тутанып, андан кийин түтүн шахтага жайылып кеткен.

25-ноябрдын кечинде Орусиянын башкы прокурорунун орун басары Дмитрий Демешин журналисттерге Кузбасстагы шахтадагы окуяга болжолдуу түрдө метандын жарылышы себеп болгонун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG