Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

Түркмөн президенти мунай жана газды көзөмөлдөөнү уулуна өткөрүп берди


Сердар Бердымухамедов. Президенттин уулу. Вице-премьер-министр.
Сердар Бердымухамедов. Президенттин уулу. Вице-премьер-министр.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мунай жана газ тармагын көзөмөлдөөнү карачечекей уулу, вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедовго өткөрүп берди.

Бул тууралуу өкмөттүк «Нейтральный Туркменистан» басылмасы жазып чыкты.

Жаратылыш газына бай Түркмөнстан анын кору боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Мамлекеттик казынанын орчундуу бөлүгү сырьену экспорттоодон түшкөн кирешелердин эсебинен жабылат.

Crude Accountability уюмунун кабарлашынча, энергетикадан түшкөн кирешенин 80 пайызы көмүскө экономикага, анын ичинде президент Бердымухамедовдун үй-бүлөсүнүн жеке чөнтөгүнө кетет.

Бир нече жылдан бери бюджеттин кирешелери орточо болуп, өлкө оор экономикалык кризиске кабылды. Республиканын жетекчилиги муну моюнга албайт. Бердымухамедовдун уулу февраль айынан бери өлкөнүн экономикасын жетектеп келген. Андан кийин ал расмий түрдө атасынын орун басары болуп дайындалган.

Түркмөнстандын расмий басылмалары аны “эл уулу” деп аташат. Анын атасы менен бат-бат жолугуп туруусун "муун алмашуунун символу" катары сыпатташат. Сердар Түркмөнстандын атынан көптөгөн эл аралык жолугушууларга катышты. Көз карандысыз байкоочулар 63 жаштагы түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жалгыз уулун мураскерликке даярдап жатат айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG