Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Казакстан Кытайдан жүк өткөрүүнү жеңилдетүүнү өтүндү


Аскар Мамин, Казакстандын премьер-министри.
Аскар Мамин, Казакстандын премьер-министри.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Кытай бийлигинен Казакстандан Кытайга жүк ташууну жандандырууну суранды.

Премьер-министрдин расмий сайтында маалымдалгандай, Аскар Мамин Кытай тараптан "товарлардын агымын калыбына келтирүү жана көбөйтүү боюнча чукул чараларды көрүүнү өтүнгөн".

Билдирүүдө Бээжин буга кандай жооп кайтарганы айтылган эмес.

Кытай өкмөтү былтыртан бери коронавирус пандемиясынын жайылуу коркунучунан улам темир жол аркылуу ташылчу буудай жана түстүү металл сыяктуу чийки зат товарларын кабыл алуудан баш тарткан. Кара жол менен жүк ташуучу автоунааларга да чектөө киргизген.

Казак авиакомпаниялары мунун айынан миллиондогон кирешеден кол жууп жатканын айтышууда.

Ноябрдын башында Казакстандын Каржы министрлигинин кирешелер комитети Кытай менен чек арадагы “Нурлы жол” өткөрмө бекетиндеги тоскоолдуктардан улам 10 миңден ашуун жүк ташуучу автоунаанын тыгыны пайда болгонун билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-ноябрда Кытай товарларынын эл аралык көргөзмөсүндө онлайн сүйлөп жатып, Кытай менен чек арадагы чектөөлөр тез арада алынарынан үмүттөнүп турганын билдирди. Бирок андан бери абал өзгөргөн жок.

Нур-Султан Бээжинге мурдагыдай чектөөлөрдү киргизе албасын, антпесе транзиттик кирешеден кол жууп каларын билдирген.

Кээ бир эксперттер Кытай менен чек арадагы чектөөлөр коронавируска гана байланыштуу дегенге макул эмес. Айрымдар муну Нур-Султандын Шинжаңдан качып келген бир нече казак тектүү адамга качкын макамын бергени менен байланыштырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG