Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Кыргыз өкмөтү Германия менен кызматташууга маани берет


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, бүгүн 26-ноябрда Германиянын элчисинин милдетин аткарууга киришкен Габриэла Геллил менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Расмий маалыматка караганда, Байсалов кыргыз тарап Германия менен негизги эл аралык өнөктөштөрдүн бири катары кызматташуу, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо маселесине өзгөчө маани бере турганын белгилеген.

Германиянын элчиси перинаталдык борбор жөнүндө маселеге көңүл бурду (долбоордун даярдыгы – 93%), анда кире бериш жолдорун куруу, шаардык инженердик жана коммуналдык тутумдарга кошуу боюнча маселелердин чечилбегендигине байланыштуу үч жыл бою толук кандуу иш башталбай турат.

Байсалов бул маселеге мурдагы өкмөттөр тийиштүү көңүл бурбай келгенин айтты. Мындан сырткары жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын, аны кеңейтүү жана активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулады. Өлкө аймактарында саламаттык сактоо мекемелеринин курулушун каржылоо жаатында бир катар сунуштар айтылды.

2020-жылы Германия Өзбекстандан башка Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыгын кыскарткан. Анын ичинде Кыргызстан менен техникалык жана каржылык программаларын алдыдагы жылдары токтото турганы айтылган. Германия муну Кыргызстан жардамга өтө муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбей калганы менен түшүндүргөн.

Кыргызстан менен Германиянын эки тараптуу кызматташтыгы 1993-жылы башталган. Туруктуу экономикалык өнүгүү, саламаттык сактоо тармагы боюнча долбоорлор бар. Мунун баары Германиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашып келет. Экономика, билим берүү, маданият, айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика тармагында эки мамлекеттин ортосунда кызматташтык бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG