Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

ИИМ: Сузакта тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектүү кармалды


Кылмышка шектүү. КР ИИМ тараткан сүрөт.
Кылмышка шектүү. КР ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын билдирген.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз болгон тогуз жаштагы кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн 18-ноябрда түш чендерде мектепке чыгып кеткен. Бирок ошол күнү сабакка барган эмес.

Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.(TB\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG