Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Ала качууну сындаган тасма "Оскардын" кыска тизмесине илинди


Кыргызстанда тартылган “Ала качуу - Take and Run” кыска метраждуу көркөм фильми
Кыргызстанда тартылган “Ала качуу - Take and Run” кыска метраждуу көркөм фильми

Кыргызстанда тартылган “Ала качуу" (Take and Run) кыска метраждуу көркөм тасмасы "Оскардын" кыска тизмесине (шорт-лист) илинди. Бул тууралуу киноакадемиянын расмий сайтында кабарланды.

Америка киноакадемиясы "Оскар" сыйлыгына он категория боюнча тасмалар тандалат. “Ала качуу" (Take and Run) тасмасы “Кыска метраждуу көркөм тасма” категориясында каралмакчы.

Аталган тасма 2019-жылдын август-сентябрь айларында Кыргызстанда тартылган. Дүйнөлүк бет ачары 2020-жылдын августунда АКШнын Род-Айленд кинофестивалында көрсөтүлдү. Тасмада никеге туруу үчүн уурдалган кыз салт менен эркиндиктин ортосунда ара жолдо калат. Немис режиссеру Мария Брендл Кыргызстандагы ала-качуу көйгөйүн кеңири коомчулукка жеткирүүнү көздөгөнүн айткан.

“Режиссер катары коомго кыз-келиндердин тууралуу маалыматты жайылтып, үнү угулбай келгендердин сөзүн жеткирсем дейм. Мен ала качууга дуушар болгон күчтүү каарманды көрсөткүм келди”, - деген режиссер.

"Оскар" сынагына тандалуудан мурда “Ала качуу” тасмасы бир катар кинофестивалдарда байге уткан. IMDb сайтында тасма 8,4/10 рейтингине ээ болгон. Кезектеги "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2022-жылдын 27-мартына белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG