Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Кара-Кечеде чыр чыгып, ок атылганы айтылууда


Кара-Кече.
Кара-Кече.

Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыкты. Буга байланыштуу видео Интернетке тарап, анда айрым айдоочулар жараат алганы айтылат.

"Кыргыз-Көмүр" мамлекеттик ишканасы муну "Азаттыкка" ырастады, бирок себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. Мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова абал жөнгө салынып, жумуш уланып жатканын билдирди:

"Кара-Кечеде кезек күтүү маалында айдоочулар менен "Альфанын" кызматкерлеринин ортосунда түшүнбөстүктөр болгон экен. Абал жөнгө салынды. Учурда бардыгы штаттык режимде иштеп жатат".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК), жергиликтүү милициядан маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Кара-Кече кенинде бир апталык тыныгуудан кийин 20-декабрда көмүр казуу иши жанданган. "Кыргыз-Көмүр" тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан баштап көмүр казуу токтотулганын маалымдаган болчу.

Буга чейин "Кыргызкөмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфанын" 12 аскери кайтарып жатканы белгилүү болгон. Көмүр кенинде кезекке байланыштуу мурда да чырлар катталган. 28-августта көмүр ташыган айдоочулар менен жумгалдыктардын ортосунда жаңжал чыккан. Келишпестик ок атууга чейин жетип, айдоочуга кол салгандар таптырбай кеткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG