Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Ооганстанда 231 ЖМК жабылып, 6400 журналист жумушсуз калды


Ооганстанда Талибан бийликке келгенден кийин 231 жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып, 6400 журналист жумушсуз калды. Бул тууралуу "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму менен Ооганстандын эркин журналисттер бирлиги тараткан кошмо баяндамада айтылат.

Жумушсуз калган журналисттердин 84% аялдар. Өлкөнүн 34 облусунан 15инде бардык аял журналисттер иштен бошотулган.

Баяндамада белгиленгендей, Талибан өкмөтү аялдарды медиага иштетпөө көрсөтмөсүн берген.

Талибан бийликке келгенге чейин, тагыраагы 2021-жылдын 15-августуна чейин өлкөдө 543 маалымат каражаты болгон. Ноябрда алардын 312си гана калды.

Кабулда ар экинчи медиа жабылган. Айрым аймактарда бир да басылма калган эмес.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун 2021-жылдын апрелиндеги рейтингинде Ооганстан басма сөз эркиндиги боюнча 180 мамлекеттин арасынан 122-орунду ээлеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG