Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Сот Равшан Жээнбековду камактан бошотууну чечти


Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

Биринчи май райондук соту "Кой-Таш окуясы" боюнча айыпталып абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узарткан жок. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттын айтуусунда, жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында же үй камагында кармаса болбойт. Эми 27-декабрда №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков бошотулушу керек.

Замир Жоошев "Кой-Таш" окуясы боюнча үй камагындагы башка айыпталуучулардын дагы бөгөт чарасы узартылбаганын айтты.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин бир топ тарапташы жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина үй камагында отурган.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязовдун дагы бөгөт чарасы жокко чыкты. Бирок ал октябрь окуясы боюнча дагы айыпталууда.

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып күчүнө кирди. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG