Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Орусиянын курамындагы республика башчылары президент деп аталбайт


Орусиянын президенти Владимир Путин Достоевскийдин үй-музейинде.
Орусиянын президенти Владимир Путин Достоевскийдин үй-музейинде.

Орусиянын президенти Владимир Путин федерациянын курамындагы республикалардын жетекчилерин президент деп атоого тыюу салып, бирок губернаторлордун шайлануу мөөнөтүнүн чегин алып салган “Мамлекеттик бийлик жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу укуктук маалыматтардын расмий интернет-порталында айтылат.

Бул документ башында жалпыга маалымдоо каражаттарында аймактык лидерлерди президент деп атоого тыюу салган мыйзам катары белгилүү болгон. Эми алар жөн гана аймактардын башчылары деп атала турганы мыйзамда көрсөтүлдү. Алардын “кошумча аталышы” болушу мүмкүн экени, бирок “президент” деген сөзгө тыюу салынганы белгиленди.

Мындан тышкары, бул мыйзам аймактардын башчыларын жергиликтүү министрди дайындоодо федералдык борбор менен макулдашууну милдеттендирет. Губернаторлордун шайлануу мөөнөтүн алынып салынган.

Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума 14-декабрда кабыл алып, 330 депутат "макул", 89 адам каршы добуш берди.

Документке Татарстандын Мамлекеттик кеңешинин депутаттары каршы чыгышты. Мамлекеттик кеңештин Мамлекеттик курулуш боюнча комитетинин башчысы Альберт Хабибуллин билдиргендей, сунушталган мыйзам долбоорунун жоболору «Орусия Федерациясынын Конституциясына карама-каршы келет». Бул жоболордун арасында ал аймактагы жогорку кызматтарды бириктирүү талабын атады.

Татарстан Орусияда президент башкарган жалгыз республика. Ал эми башка республикалардын лидерлери буга чейин эле «башчылар» деп аталчу.

Татарстандагы бийликтин өзгөчө статусу 1994-жылкы келишимде бекитилген. 2017-жылы бул документтин мөөнөтү бүтүп, федералдык бийлик Татарстанда "президент" деген аталышты сактоону узарткан эмес.

Бирок Казан президент деген аталышты колдонууну уланта берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG