Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Парламент Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген жок  


Камактагы депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун парламент четке какты. Депутаттык комиссиянын төрайымы Айсулуу Мамашова прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы каралып чыкканын билдирди.

“Бирок кылмышка жүйө катары алынган аудиотасмалардан бийликти күч менен басып алууга байланышкан чакырыктар табылган жок. Андан тышкары, Бакытбек Жетигенов жолугушууларды уюштурган эмес, аны депутат катары гана чакырышкан. Тескерисинче, ал азыркы аракеттеги бийликтин саясатын колдоого үндөгөн”, – деди.

Депутаттык комиссия Жетигеновду мыйзам талаптарына ылайык камактан токтоосуз бошотууну сунуштаганын маалымдады.

Жыйынтыгында комиссиянын маалыматын эске алуу менен Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Аны 88 депутат колдоду.

УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп, күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган. Ал атайын кызматтын тергөө абагында отурат.

Жетигеновдун маселеси талкууланып жаткан маалда тарапташтары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүп, аны бошотууну талап кылышты.

8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Экөө тең абактан бошотулган. Ал жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процессуалдык кодексинин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Башкы прокуратура парламент жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG