Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:09

СOVID-19: вакцина албаган дагы бир бейтап кайтыш болду

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 22-декабрга берген маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Каза болгон жаран вакцина алган эмес.

Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2 787 киши көз жумду.

Соңку бир суткада 50 адам коронавирусту жаңы жуктурганы аныкталды.

  • Бишкек шаары - 18
  • Жалал-Абад облусу - 10
  • Чүй облусу - 5
  • Ош шаары - 1
  • Ош облусу - 10
  • Баткен – 1
  • Нарын облусу -1
  • Ысык-Көл облусу - 4.

Азыркы учурда өлкө боюнча 649 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 295и ооруканада болсо, 345 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 21-декабрга карата 1 млн. 200 миңдей адам эмдөөдөн өттү. Алардын 1 млн. жакыны эки дозаны тең сайдырышты.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт. Өлкө аймагында вирустун жаңы түрү катталган эмес.

​
XS
SM
MD
LG