Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:03

Кочкордо Эгизбаевдин элесине арналган көк бөрү мелдеши өттү (видео)


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

20-21-декабрь күндөрү Кочкор районунун Көк-Жар айылында иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган көк бөрү боюнча Нарын облусунун өтмө кубогу болду.

Ага UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко да күбө болду.

Оюнга Нарын облусу боюнча 13 команда катышкан. Финалдык беттеште "Соң-Көл" командасы "Ат-Башы" командасын 1:0 эсебинде утуп, баш байге - автоунаага ээ болушту. Үчүнчү орунду "Жумгал" командасы алган.

"Азаттык" радиосунун чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкордун Көк-Жар айылында туулган.

2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убагында мезгилсиз каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, анын сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Эгизбаев көзү өткөндөн кийин да бир катар жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG