Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

"Омикрондон" сактансаң, Жаңы жылды үйдө тос


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШда "Омикрон" штаммы коронавирустун учурда жайылып жаткан негизги вариантына айланды. Жаңы штаммдан улам дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жаңы чектөөлөр киргизилүүдө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Рождество жана Жаңы жылга карата эл көп катышкан майрамдык иш-чараларды токтото турууга чакырды.

Соңку бир аптада Кошмо Штаттарда коронавирусту жугузуп алгандардын 73 пайызынан "Омикрон" штаммы табылды. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 20-декабрда билдиргендей, мындай кырдаал дүйнөнүн башка мамлекеттериндеги эпидемиологиялык абалга үндөш.

Жаңы вариант тездик менен жайылып жатканына байланыштуу Американын айрым штаттарында жаңы чектөөлөр киргизилип, пландалган майрамдык иш-чаралар токтотула баштады.

Маселен, Вашингтон шаарынын бийлиги тургундарды январь айынын соңуна чейин имараттардын ичинде беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирди. Лос-Анжелестеги Жаңы жылдык кече элдин катышуусу жок, онлайн режимде өтө турган болду. Бостондо кийинки айдан тарта коомдук жайларда жарандардын эмдөөдөн өткөнүн ырастаган документ талап кылына баштайт.


Эки күн мурда Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу, Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фаучи коронавирустун "Омикрон" варианты өлкөдө тездик менен жайылып жатканын, Американы оор апталар күтүп турганын эскерткен.

"Бир жагдай айдан ачык. Бул штаммдын жайылуу мүмкүнчүлүгү адаттан тыш. Дүйнөнү бушайманга салып жатат. Кошмо Штаттарды карасак, айрым региондордо алгач саналуу гана адамдан табылып баштаса, эми бул сан 30-40%, кээ бир жерлерде 50% көтөрүлдү", - деп билдирген доктор Фаучи.

Ал коронавирустун бул варианты ушундай темп менен жайыла берсе, ооруканаларда кыйын абал түзүлөрүн, өзгөчө вакцинациянын деңгээли төмөн аймактарды коркунуч тооруп турганын кошумчалап, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

Расмий маалыматка ылайык, АКШда калктын 61 пайызы коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын, ал эми 29 пайызы үчүнчү же кошумча дозасын алды.

Эксперттердин эскертүүсү

Италиянын Турин шаарындагы жаңы санитардык эрежелерге каршы акция, 18-декабрь 2021-жыл.
Италиянын Турин шаарындагы жаңы санитардык эрежелерге каршы акция, 18-декабрь 2021-жыл.

Ноябрь айында Түштүк Африкада табылган бул штамм дүйнөнүн ондогон мамлекеттерине тарады. Азырынча бул варианттын адам организмине таасири тууралуу маалымат чектелүү. Баштапкы изилдөөлөр ишарат кылгандай, бул варианттын симптомдору COVID-19дун башка штаммдарына салыштырмалуу жеңилирээк болушу мүмкүн. Бирок "Омикрондун" адам өлүмүнө алып келүү ыктымалдыгы канчалык жогору же төмөн экени толук белгисиз.

20-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "Омикрон" штаммы буга чейинки "Дельта" вариантына караганда өтө тез менен жайылып жатканын билдирип, буга чейин COVID-19 менен ооруп айыккандар же вакцина алгандар да кайра инфекцияга кабылышы мүмкүндүгүн эскертти.

Уюмдун башкы илимпозу Сумья Сваминатан "жаңы вариант жеңил өтөт" деген ойго алдырып, аны көз жаздымда калтырбоого үндөдү.

"Эгер вирусту жугузуп алгандардын саны көбөйүп кетсе, алардын аз гана бөлүгү катуу ооруп кала турган болсо, анда ооруканаларга түшкөн бейтаптар көбөйөт жана саламаттыкты сактоо системасына күч келет. Мындан улам "бул варианттын симптомдору жеңил" деп кол куушуруп отура берген болбойт. Вируска чалдыккандардын көбөйгөндө медицина тармагы чыңалат. Мындай кырдаал азыртадан эле көп өлкөлөрдө байкалып жатат", - деди доктор Сумья Сваминатан.

Андыктан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө өлкөлөрүн Рождество жана Жаңы жылга карата пландалган, эл көп катышкан майрамдык иш-чараларды токтото турууга чакырды.

Европада кооптонуу күчөдү

Айткандай эле "Омикрондун" коркунучунан улам Европада да кооптонуу күч алып, айрым чаралар көрүлө баштады. Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен "Омикрон" январь айынын ортосунда чөлкөмдөгү негизги штаммга айланарын эскертти.

Нидерланддын бийлиги Рождество маалында локдаун же карантин киргизди. Керектөөчүлөргө зарыл болгон товарларды сатпаган дүкөндөр, барлар, спорт залдары жана чач тарач сыяктуу коомдук жайлар январь айынын ортосуна чейин жабылды. Майрам учурунда бир үй-бүлөгө эки конокту гана кабыл алууга уруксат берилет.

Нидерландда жаңы чектөөлөр күчүнө кирер алдында дүкөндөрдө соода кызыды, 18-декабрь 2021-жыл.
Нидерландда жаңы чектөөлөр күчүнө кирер алдында дүкөндөрдө соода кызыды, 18-декабрь 2021-жыл.

Германия жаңы чараларын 21-декабрда жарыялаганы турат. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да өлкөдө "Омикрон" жайылып жаткандыктан жаңы чектөөлөр кабыл алынышы мүмкүндүгүн эскертти.

Лондондун мэри Садик Хан Трафальгар аянтында салтка айланган Жаңы жылдык майрамдык кече өткөрүлбөй турганын билдирди. Бул иш-чарага 6500дөй киши катышат деп күтүлүп жаткан. Шаардын бийлиги тургундарды майрамдык иш-чараны үйдөн телевизор аркылуу көрүүгө чакырды.

Адистер коронавируска каршы эмделген адамдарда "Омикрон" варианты жеңил өтүп жатканын, ошентсе да илдетти алдын алуу үчүн кошумча вакцинага муктаждык бар экенин айтып жатышат.

"Баарыбыз бир күнү "Омикрон" менен бетме-бет келебиз. Эл менен аралашып жүрсөңүз, эртеби-кечпи "Омикронго" туш болосуз. Ага каршы туруунун эң жакшы жолу - бул толук эмдөөдөн өтүү", - деп билдирди Жонс Хопкинс университетинин медицина тармагындагы илимпозу Амеш Адаля.

Кыргызстан жаңы штаммга даярбы?

Өткөн аптада Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустун “Омикрон” штаммы Кыргызстанга 2022-жылы келиши мүмкүн экенин эскерткен.

“Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы "Омикрон" штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясы күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек”, - деп билдирген Байсалов.


Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 илдетинен эки киши кайтыш болду. Каза болгондордун экөө тең вакцина алган эмес. Соңку бир суткада 51 адам коронавирусту жаңы жуктурганы аныкталды. Алардын көпчүлүк бөлүгү Чүй облусуна (16), Бишкек шаарына (14) жана Жалал-Абад облусуна (9) туура келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG