Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

COVID-19: Omicron тездик менен жайыла баштады


Британияда коронавирустун Omicron түрүнөн алгачкы адам өлүмү катталды. Вирус укмуштуудай тездик менен жайылары байкалганы айтылды.

Эксперттер буга чейин алдын ала тыянактарга таянып, жаңы штамм жугуштуу, бирок анча коркунучтуу эмес дешкен. Бирок анын өлүмгө алып келген кесепетинен улам, азырынча шашылыш жыйынтык чыгарбай, этият болуп, сактанууну эскертишүүдө.

Ойго салган "омикрон"

Британиянын бийлиги өлкө аймагында коронавирустун Omicron штаммы тездик менен жайылып жатканын жарыялады. Учурда бир нече киши вирустун бул түрүн жугузуп алып, ооруканага жатканы белгиленди.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон вирустун Omicron түрүнөн биринчи өлүм катталганын ырастады:

“Тилекке каршы, Omicron штаммынын айынан ооруканага түшкөндөрдүн саны кескин көбөйүүдө. Бир бейтап анын айынан каза тапканы маалым болду. Ошондуктан, менимче, “бул вирустун кандайдыр бир жеңилирээк жол менен өтө турган штаммы” деген ойду жыйыштырып, анын калк арасында өтө тездик жайылып жаткан ылдамдыгын түшүнүү зарыл. Андан коргой турган эң жакшы нерсе - бул эмдөөнүн кошумча дозасын алуу”, - деди Жонсон.

Борис Жонсон. Улуу Британиянын премьер-министри.
Борис Жонсон. Улуу Британиянын премьер-министри.

Британияда 27-ноябрда Omicron вариантын жуктурган биринчи учур аныкталганда премьер-министр Борис Жонсон катаал чектөө киргизип, инфекциянын жаңы толкуну келе жатканын билдирген.

Бирок “омикрон” штаммынан көз жумган бейтап тууралуу маалымат берилген жок. Маркумдун канча жашта экени жана эмдөө алган-албаганы да белгисиз.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, “омикрон” коронавирустун башка штаммдарына караганда тез тарайт жана эмдөөгө туруштук бере алат.

"Жаңы штамм жугуштуу жана бат жайылат"

Британияда жаңы штаммды жугузган миңден ашуун адам аныкталды.

Саламаттык сактоо министри Сажид Жавид Sky News телеканалына жаңы штамм өтө тез жайылып жатканын, буга чейин белгисиз инфекция эки-үч күндө эки эсе көбөйгөнүн айтты:

Сажид Жавид, Британиянын саламаттыкты сактоо министри.
Сажид Жавид, Британиянын саламаттыкты сактоо министри.

“Биз бул жаңы штамм Omicron тууралуу соңку жумада гана билдик. Биринчиден, ал укмуштуудай ылдам жайылып жатат. Инфекция ар бир эки-үч күндө эки эсе көбөйүп, толкун түрүндө өсүүдө. Акыркы жумада биз билген экинчи нерсе, вакцинанын эки дозасы сизди коргоо үчүн жетиштүү эмес. Бирок үч доза, кошумча эмдөө, бул симптоматикалык инфекциядан коргоодо натыйжасын көрсөтүүдө”, - деди британиялык министр Жавид.

Жаңы толкунга даярдык

Ошол эле учурда "омикрондук" инфекциянын көбү оорунун оор өтүшүнө алып келбегени белгиленген. Омикрон өтө тез жайылгандыктан ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга жетишпей калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Министр Сажид Жавид ошондуктан бул жаңы штаммдын чукул толкунуна даяр болууну эскертти:

“Биз көрүп жаткан нерсе - бул вирустун укмуштуудай жайылуу коркунучунан улам, инфекциянын көбөйүшүн байкадык. Бул Delta вариантына караганда жеңил өтсө да, жайылуу тездиги жатып дарылана турган оорулуулардын санынын кескин өсүшүнө алып келет. Оор абалда ооругандардын саны аз болгону менен ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны көп болгону кооптондурат”.

Британ бийлигинин божомолунда, эгер чечкиндүү чара көрүлбөсө, декабрдын аягына чейин вирусту жугузугандар миллионго жетиши мүмкүн. Omicron жугузгандардын ичинен азыркы учурда 10 гана киши ооруканага жаткырылды. Бирок анын ичинен бир адам өлгөнү буга чейин белгилүү.

Вирустун жаңы түрүнүн жайылуу географиясы

Дүйшөмбү күнү бул жаңы штамм Лондондо катталган бардык инфекциянын 40% жакынын түзгөнү белгиленди.

Азыр Орусияда Түштүк Африкадан келгендер арасынан 10 адам вирустун "омикрон" штаммын жугузганы аныкталды.

Түндүк Ирландияда да буга чейин "омикрон" штаммынын 10 учуру катталганы жарыяланган.

Дүйшөмбүдө Карачидеги Ага Хан университетинин ооруканасы Пакистанда Omicron вариантынын биринчи учурун тастыктады.

Omicron үч жума мурун алгач Түштүк Африкада табылган.

Коронавирустун дельта-вариантын баштан кечирип жаткан Франция январь айында "омикрон" штаммынын жайылышына туш болорун Париждеги AP-HP ооруканалар тобунун жетекчиси Мартин Хирш эскертти.

Ошол эле кезде Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясында коронавирустун дельта түрү күчөгөнү айтылды. Буга байланыштуу жыйындарга чогулууга, аймактан сыртка чыгууга чектөө киргизди.

Чжэцзянда 12-декабрда вирустун 138 тастыкталган учуру катталганы тууралуу “Синьхуа” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG