Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Ат-Башыда жубайлардын сөөгү машинеден табылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында автоунаанын газына ууланып эки адам каза болгондугун райондук ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, 20-декабрда Ат-Башы райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Баш-Кайыңды айылында гаражда токтоп турган автоунаанын ичинде эки адам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаадан эки кишинин сөөгү табылган.

"Каза болгондор 1982-83-жылы туулган жубайлар экени аныкталды. Күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Факты боюнча тиешелүү эспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, каза болгон жарандар автоунаанын газына ууланып калганы божомолдонууда. (MiK\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG