Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Футзал: Кыргызстан менен Грузиянын курама командалары беттешет


Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы.
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы.

Бүгүн, 21-декабрда Грузиянын Тбилиси шаарында Кыргызстан жана Грузиянын футзал боюнча улуттук курама командалары жолдоштук беттеш өткөрөт. Кыргыз футбол бирлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн курамалары алгачкы жолу беттешип жатат. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Кыргыз курамасы бул беттешти 2022-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына, Грузия курамасы 2022-жылдын 19-январында Нидерландда баштала турган футзал боюнча Европа чемпионатына даярдык катары өткөрүүдө.

Футзал боюнча 2022-жылкы Азия Кубогуна тандоо оюндарына чүчүкулак тартуу 6-январда Куала-Лумпурда өтөт. Кыргызстан бириктирилген Борбордук жана Түштүк зоналарына туш келген.

1-кутучада Иран - Өзбекстан, 2-кутучада Кыргызстан - Тажикстан, 3-кутучада Түркмөнстан - Ооганстан, 4-кутучада Непал - Мальдивы бар. Алар төрт командадан эки тайпага бөлүнөт. Тандоо оюндары 2022-жылдын 1-15-апрель күндөрү болот. Беттештер өтчү жер кийинчерээк белгилүү болот.

Тандап алуу айлампасынын жыйынтыгы боюнча аталган зонадан финалдык баскычка ар бир тайпадан экиден команда чыгат. Футзал боюнча 2022-жылкы Азия Кубогу 25-сентябрдан 20-октябрга чейин Кувейтте өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG