Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Сот "Альянс" партиясы боюнча чечим чыгарууну 21-декабрга калтырды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектин админстративдик соту "Альянс" партиясы боюнча чечимди эртең, 21-декабрда чыгармай болду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Сот партиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-декабрдагы 30% гендердик квота боюнча өзгөрткөн жобосуна каршы арызын эртең мененки саат 10до карап баштаган. Тыныгуу жарыяланып, кийинки отурум 21-декабрь, саат 13:00гө белгиленди.

БШК 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага чейин бул жобону өзгөртүү эки жолу отурумга алынып чыгып, бирок колдоо тапкан эмес.

БШК кабыл алган жобого ылайык, "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот.

Депутат Жанар Акаев Боршайкомдун чечимин "акылга сыйгыс" көрүнүш катары баалаган. "Альянс" партиясы 17-декабрда БШКнын жобосун өзгөртүүсүнө каршы Бишкектин админстративдик сотуна арызданган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өттү. "Альянс" партиясы жети мандат алган.

БШК ушул аптада жаңы шайланып келген депутаттарга мандат тапшырууну пландап жатат. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Алардын 54ү партиялардан, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG