Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

Дүйнөлүк экономикалык форумдун жылдык жыйыны жайга жылдырылды


Давос шаарындагы Конгресс мейманканасы, 20-январь 2020-жыл.
Давос шаарындагы Конгресс мейманканасы, 20-январь 2020-жыл.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2022-жылдын январь айына белгиленген жылдык (жүзмө-жүз) жыйыны коронавирустун "омикрон" варианты жайылып жатканына байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруучулар 20-декабрда билдиришти.

"Жылдык жыйын Швейцариянын Давос шаарында 17-21-январь күндөрү өтөт деп белгиленген. Эми быйыл жайдын башына пландалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда форумдун "Дүйнөдөгү абал" аттуу талкуулары онлайн форматта мурда пландалгандай эле өткөрүлө берет.

Акыркы жолу Дүйнөлүк экономикалык форумдун Давостогу жыйыны 2020-жылдын январь айында уюштурулган. Аны улай Батыш Европа коронавирустун дүйнөдөгү очогуна айланган. Пандемиядан улам 2021-жылдын январындагы жыйын онлайн форматта өткөн болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG