Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

ТИМ: Ооганстандан эвакуациялангандар арасында кыргызстандыктар жок


Кабул аэропортунан учуп чыккан америкалык аскердик учак. 30-август, 2021--жыл.
Кабул аэропортунан учуп чыккан америкалык аскердик учак. 30-август, 2021--жыл.

Орусия Ооганстандан 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында кыргызстандык жарандар бар экени айтылган эле.

Кабулдан 18-декабрда учуп чыккан учактар Тажикстандын Гиссар жана Кыргызстандын Кант аэродромдоруна май куйдуруу үчүн конуп, 19-декабрда Москва облусундагы Чкаловский аэродромуна жеткени маалымдалган.

Ооганстанда өкмөттү башкаруу “Талибан” кыймылына өткөн кездеги башаламандык учурунда бул өлкөдөгү ондогон кыргызстандыктар эвакуацияланган. Учурда Ооганстанда элчиликтин кызматкерлеринен тышкары канча кыргыз жараны калганы тууралуу маалымат жок.

Сентябрь айында Кыргызстандын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов кызматтан кеткен. Ниязов Кабул "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өткөндөн кийин элчиликтин кызматкерлеринен башка кыргыз жарандары этап-этап менен эвакуация болуп бүткөнүн билдирген. Кыргызстандын Ооганстандагы жаңы элчиси дайындала элек.

Кыргызстан оогандыктарга эки жолу гуманитардык жардам жеткирген. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскерткен. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG