Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:21

"Альянс" партиясынын арызы сотто каралууда


Иллюстрация сүрөт.

Бишкек админстративдик соту "Альянс" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-декабрдагы 30% гендердик квота боюнча өзгөрткөн жобосуна каршы арызын карап жатат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

БШК 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага чейин бул жобону өзгөртүү эки жолу отурумга алынып чыгып, бирок колдоо тапкан эмес.

БШК кабыл алган жобого ылайык "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот.

Депутат Жанар Акаев Боршайкомдун чечимин "акылга сыйгыс" көрүнүш катары баалаган. "Альянс" партиясы 17-декабрда БШКнын жобосун өзгөртүүсүнө каршы Бишкек админстративдик сотуна арызданган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. "Альянс" партиясы жети мандат алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG