Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

COVID-19: бир киши каза болуп, 23 жаңы учур катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 илдетинен бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2784 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус 23 адамдан жаңы аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (19 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 218 адамга жетти. Азыр ооруканада 301 бейтап жатат, дагы 338 адам үйдөн дарыланууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 20-декабрга карата 1 млн. 186 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 973 миңден ашууну эки дозаны тең алган.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG