Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Президентти шаан-шөкөт менен тосуп алган окуя териштирилет


Президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгында.
Президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгында.

Президенттик администрация мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна сапары учурунда Барпы айылында мугалим, медицина кызматкерлери жол боюнда тизилип тосуп алган окуя боюнча комментарий берди. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы.

"Президент Садыр Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы. Жалал-Абад облусундагы окуяга байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо үчүн анын ичинде жергиликтүү тургундарды мажбурлоо болгон-болбогону боюнча да кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө", - деп жазылган Султанбаев тараткан комментарийде.

Буга чейин интернетте Жалал-Абад облусунун Барпы айылында эл президенттик кортежди тосуп алуу үчүн жол боюна тизилип турган видео тараган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жол боюна мугалимдер, жергиликтүү ФАПтын медицина кызматкерлери жана башка бюджеттик кызматкерлер тизилип чыгышкан. Бул жергиликтүү бийликтин көрсөтмөсү менен жасалышы ыктымалдыгы айтылган эле.

Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш-сапары менен барган. Ал жергиликтүү эл менен жолугушуп, Түндүк-Түштүк автожолундагы ири өтмөктүн курулушу менен таанышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына сатылып алынган "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарын көрдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG