Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Өлкө тарыхын балдардын сүрөттөрү аркылуу чагылдырган көргөзмө өтүүдө


Көргөзмөнүн ачылышынан бир көрүнүш.
Көргөзмөнүн ачылышынан бир көрүнүш.

Бишкекте Кыргызстандын балдары тууралуу баяндаган көргөзмө өтүп жатат. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде ЮНИСЕФ уюмунун 75 жылдыгына карата биргеликте уюштурулган көргөзмө “Кыргызстандын тарыхы фотосүрөттөрдө. Балдар” деп аталат.

Экспозициядан 1946-жылдан берки тартылган 50 чакты архивдик фотосүрөттү көрүүгө болот.

Анда кыргызстандык балдардын сүрөттөрү аркылуу өлкөнүн тарыхы баяндалат.

Фотосүрөттөрдө Совет учурундагы, көз каранды эместиктин алгачкы жылдарындагы жана азыркы учурдагы балдардын жашоосу чагылдырылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 1946-жылы негизделген. Анын программалары аркылуу балдарга колдоо көрсөтүү боюнча түрдүү долбоорлору ишке ашырылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG