Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

БШК: Саккараевди талапкер кылып каттоо тууралуу чечим жокко чыгарылды


Боршайком имараты.
Боршайком имараты.

Жогорку Кеңешке шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин талапкерлиги жокко чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер кылып каттоо тууралуу чечимин 18-декабрда жокко чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Боршайкомдун маалыматына караганда, Саккараев депутаттыкка талапкер болуп 11-октябрда расмий катталган, бирок башка өлкөнүн жараны эместиги тууралуу так маалымат көрсөтө алган жок. Ал Казакстандын жараны экени жөнүндөгү арыздар БШКга Саккараевдин шайлоодогу атаандаштарынан келип түшкөн.

Шайлоодо Саккараев өз округунан эң көп добуш алган.

Анын расмий өкүлү Боршайкомдун чечими боюнча сотко кайрыларын билдиргендиктен Чүй-Кемин округундагы шайлоонун жыйынтыгы азырынча чыгарылбай турган болду.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Алардын 54ү партия менен, 36сы өз алдынча шайланды. (RK)

XS
SM
MD
LG