Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

COVID-19: Дагы эки адам каза болду, 32 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2783 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 32 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (20 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 195 адамга жетти.

Азыр ооруканада 301 бейтап жатат, дагы 346 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG