Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Кыргызстандын Чек ара кызматы "Байрактар" менен жабдылды


"Байрактар" Кыргызстанда.
"Байрактар" Кыргызстанда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылганын президенттик администрация билдирди. Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн 18-декабрда президент Садыр Жапаров жаңы техниканы көрүп чыкты.

“Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, ишин көрсөтүштү. Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн колдонулат”,- деп билдирди басма сөз кызматы.

Президент Жапаров бүгүн эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барды.

Кыргызстан Түркиядан "Байрактарды" алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орточо бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG