Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Президент улуттук коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын билдирди


Президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгында.
Президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгында.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын бүгүн 18-декабрда Жалал-Абадда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Президент өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында улуттук коопсуздук концепциясы жактырылганын белгилеп, ал коопсуздукту камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн иш-чараларды камтый турганын билдирди жана жаңы коркунучтар деп "инновациялык технологиялардын өнүгүшүн, агрессиянын өсүшүн" атады.

“Биз өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоо үчүн мыкты методикаларды жана механизмдерди күнүмдүк ишибизге колдонууга киргизишибиз керек» деди Жапаров.

Президент эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абадга бүгүн 18-декабрда барды. УКМКнын облустук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышуудан тышкары ал эл менен жолугуп, бир катар ишкана-мекени кыдыра турганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаровдун айтымында, УКМК кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйлөр, жаңы имараттар, заманбап жабдылган аскердик-медициналык борборлор, эс алуу базалары курулат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG