Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Садыр Жапаров УКМК жемкорлукка каршы ийгиликтүү күрөшүп жатканын айтты


Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери жемкорлукка каршы натыйжалуу иштеп жатышат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 18-декабрда Жалал-Абадда мекеменин жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Президент УКМК кызматкерлери “милдетин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, наркобизнес жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгилик жаратып жатышат” деди.

Быйыл июнь айында Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюп, 16-ноябрда коррупция иштерин мындан ары Башкы прокуратура иликтей турганын билдирген. Ал эми 9-декабрда Жемкорлукка каршы эл аралык күнгө байланыштуу кайрылуусунда “Жемкорлорго каршы күрөшүбүз натыйжа бербей жатат” деп, буга “мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен аракеттенүү тартиби толук жөнгө салынбаганы, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленбегени” себеп экенин айткан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев быйылкы жылдын биринчи жарымында мекеме жемкорлук, паракорчулук, мыйзамсыз баюу иштерин иликтеп, мамлекетке 6 миллиард сом кайтарып бергенин июль айында билдирген. Бирок бийликтин бул аракети коомчулукта “кустуризация” деген түшүнүктү пайда кылып, чет элдик инвесторлор өлкөдөн чыгып кетип жатканын айткандар да болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG