Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Мас айдоочунун айынан "Тазалыктын" дагы бир жумушчусу каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мас айдоочунун айынан “Тазалык” ишканасынын дагы бир жумушчусу каза болгонун 18-декабрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык ишембиге караган түнү болгон. Көчө шыпырып жаткан жумушчуну машине сүзүп, ал ошол жерден көз жумган.

Кылмышка шектүү 41 жаштагы адам экени аныкталды. Наркология борборундагы текшерүү ал мас экенин тастыктаган.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Жол коопсуздук жана автомототранспорттук каражаттарды иштетүү эрежелерин бузуу” деген беренесинин негизинде козголуп, айдоочу камакка алынды.

“Тазалык” ишканасынын жумушчулары ушундай жагдайда каза болгон учурлар буга чейин да катталган. Соңку факт Бишкекте болгон, анда жумушчу 23 жаштагы айдоочунун айынан мерт болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG