Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

Айзаданын өлүмүнө шектүүлөр соттогу баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартууда


Айзада Канатбекова. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.
Айзада Канатбекова. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кезектеги сот отурумунда айыпталуучулар алгачкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, коюлган күнөөнү четке кагып жатышат. “Клооп” басылмасы билдиргендей, 17-декабрда Бишкек шаардык сотунда тараптардын апелляциялык арызын кароо уланды.

Айыпталуучулар Замирбек Теңизбаевдин кызды уурдоо ниети тууралуу билбегенин айтышты.

Быйыл жазында Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган.

Май айында Канатбекованы өлтүрүү боюнча кылмыш иши кыскарган. Буга кызды кыйнап өлтүрдү деген Теңизбаев өз жанын да кыйганы негиз болгон.

Кылмышка тиешеси бар деп кармалган бир нече адам азыр камакта отурат.

Кыргызстандын Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" деген 175-беренесине ылайык, 5-10 жыл жаза чарасы каралган, бирок жазага тартылгандар дээрлик жокко эсе.

Айзаданын өлүмү боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралган. Анын апасы териштирүү солгун жүрүп жатканын билдирген. Райондук соттун өкүмүнө эки тарап тең нааразы болуп, шаардык сотко кайрылышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG